Түркияда Казакстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган эстелик тыйындар чыгарылды

Түркияда Казакстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган эстелик тыйындар чыгарылды

Түркияда Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган эстелик тыйындар чыгарылды. Наркы 30 лираны түзгөн монетанын дизайны өлкөнүн Башкы консулдугу менен биргеликте иштелип чыккан. Мааракелик монеталар 3 миң даана өлчөмүндө жүгүртүүгө чыкты. Күмүш тыйындын салмагы 31 грамм, диаметри 38 миллиметр. Монетанын биринчи бетинде Казакстандын мамлекеттик желеги жана Казакстандын көз карандысыздыгына 30 жыл деген жазуу бар. Арткы бетинде Казакстандын картасы түшүрүлгөн. Реверстин үстүнкү жагында Орхон-Енисей эстеликтериндегидей байыркы түрк жазуусу менен "түрк" деген жазуу турат. Монетаны иштеп чыгуучулар кочкор мүйүздүү оюуну дагы көз жаздымда калтырышкан эмес.

Алим Байел, Казакстан Республикасынын Стамбулдагы башкы консулу:

- Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгында өзгөчө тарыхый из калтырууну кааладык. Биздин сунушубуз Түркиянын монета сарайы тарабынан кубанычтуу кабыл алынды. Бул иштелип жаткан монета Түркиянын Казакстанга, көз карандысыздыгыбызга жана мамлекеттүүлүгүбүзгө болгон өзгөчө урматтоонун, көңүл буруунун көрсөткүчү. Бул жаатта Стамбулда эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгына арналган салтанаттар улана берерин айткым келет.

Абдуллах Ясир Шахин, Түркия монета сарайынын мүдүрү:

- Осмон доорунда негизделген монета сарайы кылымдар бою өлкөнүн акча, күбөлүк, паспорт, мамлекеттик медалдар жана баалуу кагаздарды басып чыгарган мекемеси болуп келген. Бүгүн мына биринчи жолу Казакстанга арналган эстелик тыйынды чыгарып жатабыз. Боордош өлкө - Казакстандын көз карандысыздыгын белгилөө биз үчүн да чоң сыймык. Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун.

Которгон: Илгиз Жамалбеков