Astana Hub ІТ-стартаптарды колдоонун ийкемдүү программасын түздү

Astana Hub ІТ-стартаптарды колдоонун ийкемдүү программасын түздү

Келечек Ай-ти стартаптарда! Себеби технологиялык долбоорлор компанияларды жана бүтүндөй экономиканы өнүгүү жолуна койот. Ал эми жарандар жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышат. Буга байланыштуу Astana Hub ойлоп табуучулардын сунуштарынын санын мүмкүн болушунча көбүрөөк болуу максатында жаңы демилгелерди колдоо үчүн жаңы программа иштеп чыкты. Бул IT долбоорлорду колдоого багытталган программанын жакшыртылган версиясы. Ал өз ишин жаңы баштаган тажрыйбалуу ишкерлерди колдоо чараларын камтыйт. Мында ар ким өзүнө тиешелүү эффективдүү иш планын түзүп, анын долбооруна керектүү кызматтарды тандай алат. Бул PR-промоушн, серепчилик кеңеш алуу, коворкинг жумуш орундары, ишкерлер менен жолугушуулар болушу мүмкүн. Башкача айтканда, учурда технологиялык стартаптар белгилүү артыкчылыктарга ээ болуу үчүн узак жана туруктуу түрдө инкубация жана акселерация программаларынан өтүп, билим берүү семинарлары менен бизнес-тренингдерге катышуунун кажети жок. Мындан тышкары, бардык катышуучулар топтук окууга катышуу, жекече кеңеш алуу жана насаатчыларга өз суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Аркадий Селезнев, Astana Hubтын башкаруучу мүдүрү:

- Биз баарына ачыкпыз. Astanahub.com платформасын колдонуу менен биз менен оңой байланышсаңыз болот. Мен сиздерди TECHPRENERS платформасына катталууга жана бул сунушту карап көрүүгө чакырам. Бул сонун формат деп ойлойм. Жалпысынан алганда, бул платформанын пайда болушу биздин кардарларга программаларыбыздын аркасында мүмкүн болду. Ошондуктан Астана хабынын коногу болуп astanahub.com. менен TECHPRENERS - платформага катталыңыздар. Өз стартабыңызды ишке кошуп, компетенцияңызды чыңдаңыз. Биз сизге ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков