Караганды облусунда Кунанбай мечитинин алгачкы айчасы табылды

Караганды облусунда Кунанбай мечитинин алгачкы айчасы табылды

Баалуу экспонат. Өткөн кылымдын 30-жылдарында Абайдын атасы курган мечиттин алгачкы айчасы Караганды облусунан табылды. Жергиликтүү тарыхчы Ерлан Мустафиндин айтымында, Айчаны шаар тургундарынын бири сактап, өмүрүнүн аягына чейин жаздыгынын астына катып келген. Салмагы болжол менен 300 грамм болгон темир жарым айда боёктун издери дагы эле көрүнүп турат. Адистер артефактты илимий жактан аныктоо оңой болбой тургандыгын айтышат.

Улыукбек Есдаулет, Казакстан жазуучулар союзнун төрагасы:

Кунанбай Каркаралы уездинин улук султаны болуп турганда айылдык кеңештин 12 төрагасы менен бирге бул мечитти курган. Бул адам өз элинин материалдык жыргалчылыгына гана эмес, руханий жактан да кам көргөн. Эгерде бул чын эле Кунанбайдын тушунда орнотулган жарым ай болсо, анда ал баалуу жана тарыхый эстелик болуп саналат. Биз тагдырга ыраазыбыз, бул ишенимдин символун колубузда кармоо мүмкүнчүлүгүбүз болгонуна.

Ерлан Мустафин, чөлкөм таануучу:

Жарым айдын сакталганын аз эле киши билген. 1991-жылы мечит калыбына келтирилген. Айчаны ошол жакка кайтарууну чечтик. Садуакастын урпактары аны башка аксакалга өткөрүп беришкен. Бирок ал да көп өтпөй каза болгон. Мен бул айды анын сарайынан металл сыныктарынын арасынан таптым жана бул эң биринчи айча экенине ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков