Кызылорда Облусунда «Акылдуу ферма» долбоору жүзөгө ашырылат

Кызылорда Облусунда «Акылдуу ферма» долбоору жүзөгө ашырылат

Санарип ферма - убакыт талабы. Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине Кайрылуусунда айыл чарба өндүрүшүнүн жараяндары санариптештирүү эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатарын белгилеген. Ошондой эле, бул күчтүү экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири. Санариптештирүү багытынын артыкчылыктуу элементтери Кызылорда облусунун Шиели районунда чагылдырылат. Бүгүнкү күндө эгин талаасында сенсор технологиясы менен жабдылган комбайндар иштеп жатат. Ошондой эле, мындагы чарба кожолугунун талааларына агрохимиялык изилдөө жана азыктандыруу картаграммасы түзүлдү. Бул эгин эгүү мөөнөтүн, сортун, топурактын курамын, жер семирткичтерди сарамжалдуу пайдаланууну жана гибриддештирүү этаптарын автоматтык түрдө башкарууга мүмкүндүк берет.

Аскар Бердибаев, чарба кожолугунун төрагасы:

- Жерди тегиздөө үчүн жаңы технология керек. Биз азыр лазер менен тегиздеп жатабыз. Андан кийин түшүмдү сактоонун жаңы технологияларын киргизебиз. Мамлекет тарабынан колдоо азыр жаман эмес, жаңы техника алып келсек, жабдуулардын баасынын 25%ын кайтарып берүүдө.

Аралыктан башкаруу кол эмгегин азайтат, эффективдүүлүктү жогорулатат жана чыгымдарды төмөндөтөт. Натыйжада айыл чарба өнүмдөрүнүн сапатын бузбай, чыгымдарды азайтуу менен түздөн-түз эгин талаасынан керектөөчүгө жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков