«Амур күзү» кинофестивалында казак тасмалары көрсөтүлөт

«Амур күзү» кинофестивалында казак тасмалары көрсөтүлөт

Казакстандык кинорежиссерлордун үч тасмасы Орусиядагы «Амур күзү» кино жана театр фестивалында көрсөтүлөт. Алар Адилхан Ержановдун «Сары мышык», Ернар Нургалиевдин «Жаным, сен ишенбейсиң!» комедиясы менен Канагат Мустафиндин «16 кыз» мелодрамасы. Белгилей кетсек, ата мекендик кинорежиссерлордун эмгектери конкурстан тышкары программалар алкагында да көрсөтүлөт. Башкача айтканда, фестивалдын уюштуруучулары салт боюнча чет элдик чыгармаларды ушундай жол менен тартуулашат. Алардын айтымында, казак киносу жөн жерден тандалган эмес. Ата мекендик картиналар оригиналдуу маданияты менен гана эмес, ошондой эле актуалдуулугу, жаңычылдыгы жана батыл чечимдери менен, мындан тышкары орусиялык көрүүчүлөрдүн көңүлүнө төп келгени менен айырмаланат.

Александра Жукова, «Амур күзү» фестивалынын мүдүрү:

- Быйыл биз казак киносунун панорамасын көрсөтүүнү чечтик. Анткени бүгүнкү күндө Казакстандын киносу өркүндөп турат, тагырак айтканда трендде десек болот. Ал эми казак тасмалары дүйнөдөгү бардык ири кинофестивалдарда үзгүлтүксүз көрсөтүлөт. Менимче, казак киносунун уникалдуулугу - бир жагынан өзгөчөлүгү бар, ал эми экинчи жагынан абдан заманбап болуп саналат. Программаны иштеп чыгуу учурунда ар кандай жанрдагы тасмаларды алдык. Биз орус көрөрмандарына азыркы казак киносун жакшыраак түшүнүү үчүн тасмаларды ар тараптан көрсөтүүгө аракет кылдык.

Орусиянын «Амур күзү» кино жана театр жумалыгы аяк оона айынын 19на чейин созулат. Фестиваль алкагында салт боюнча көркөм жана кыска метраждуу фильмдердин сынактары, театралдык спектаклдер, чеберчилик-класстар, чыгармачылык кечелер, концерттер жана көргөзмөлөр өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков