Казакстандык ойлоп табуучулар дрон менен сүйлөгөн робот кураштырды

Казакстандык ойлоп табуучулар дрон менен сүйлөгөн робот кураштырды

Күндөн кубат алган жана 10 саат тынымсыз учуучу аппарат. Долбоорду иштеп чыгуучулардын айтымында, ал дрондордун учуу узактыгы боюнча абсолюттук рекорд койду. Бир караганда бул казакстандык ойлоп табуу оюнчукка окшош. Анын салмагы болгону 4,5 килограмм, ал эми туурасы эки метрди түзөт. Solar UAV (Ю Эй Ви) деп аталган аппарат 10 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлө алат. Инженерлердин айтымында, бул авиа курулуш технологиясынын аркасында мүмкүн болду. Кошумчалай кетсек, учак саатына 170 чакырым ылдамдыкта уча алат. Аны колдонуу алкагы абдан кенен. Аппаратты айыл чарбасында, адамдарды издөөдө жана жергиликтүү аймакты күзөтүү үчүн колдонсо болот. Келечекте, иштеп чыгуучулар долбоорду жакшыртып, учуунун узактыгы боюнча дүйнөлүк рекордду орнотууну көздөшүүдө.

Алексей Оксененко, учкучсуз учуучу апаратын кураштыруучу:

- Учу убактысын көбөйтүүгө, башкача айтканда, иш жүзүндө сутка бою уча тургандай кылып көбөйтүүгө болот. Бирок жыл бою эмес, балким күндүзгү убакытта гана, жылына болжол менен алты ай болушу мүмкүн. Башкача айтканда, кышында кыйын болот. Деген менен байкап көрүүгө болот. Долбоорго Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызыгуучулук билдирди. Биз 5 өлкө катышкан көргөзмөгө катышабыз, алар долбоорго жогорку кызыгуучулук билдирүүдө. Аталган долбоорго аскердик жана атайын кызматтар өзгөчө көңүл бурууда.

Ал эми студент Жангали Максүтов темирге тил бүтүрүп, роботту казак тилинде сүйлөттү. Ал ар кандай көрсөтмөлөрдү да аткарат. «Тайрант-5» биринчи чиймесин жана эскизин жасооготөрт жыл кеткен. Быйыл анын имараты курулуп, программасы орнотулду. Алдыдагы убакытта айыл чарбасында, медицинада, өндүрүштө кызмат көрсөткөн кишендерди колдонууга чыгаргысы келерин кошумчалайт ойлоп тапкыч.

Жангали Максутов, студент:

- Мен аны издеп таап, өзүмдүн үйүмдө тажрыйба жасап көрдүм. Мисалы, бул роботту сүйлөтүү үчүн 5-10 эксперимент жасалды. Ошол тажрыйбада биринчисинде туура сүйлөй албады. Экинчисинде, колонкасынан дабышы жакшы чыкпады. Үчүнчүсүндө зымдар туура туташкан жок. Ошентип, көп тажрыйбанын аркасында бул сапатту ишке ашырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков