Борбор Азия илимпоздорунун колжазмалары жыйнак болуп чыкты

Борбор Азия илимпоздорунун колжазмалары жыйнак болуп чыкты

Борбордук Азия окумуштууларынын кол жазмаларынын көчүрмөлөрү бир жыйнакка топтоштурулду. Уникалдуу басылма аяк оона айынын 14дө Ташкентте өтө турган «Борбор Азия дүйнөлүк цивилизациялардын кесилишинде» эл аралык форумунда сунушталат. Жыйнакты европалык окумуштуулар тобу өзбекстандык адистер менен биргеликте иштеп чыккан. Анда Борбордук Азия мамлекеттеринде жашап өткөн улуу окумуштууларынын илимий ачылыштары камтылган. Мисалы, жылдыздар дүйнөсүн изилдеген Улукбектин эмгектери, жылнаамалар жана касиеттүү Ыйык Курандын барактары бар. Авторлордун айтымында, алдыдагы убакытта жыйнакка толуктоолор киргизилип, китептин бет ачарын Казакстанда да өткөрүү көздөлүүдө.

Александр Вильгельм, Mueller and Schindler басмасынын маркетинг жана өнүктүрүү боюнча вице-президенти:

- Бул жыйнакты басып чыгарууга көп убакыт кетти. Көптөгөн архивдик документтер Франция, Улуу Британия, Италия жана АКШ сыяктуу мамлекеттердин музейлери жана китепканаларында сакталган экен. Ошондуктан эмгектердин кайсынысы Казакстанга, кайсынысы Өзбекстанга таандык экенин аныктоо кыйынга турду. Себеби, жазуулардын көбү фарс тилинде жазылган. Бизге, европалыктарга, Борбордук Азия мамлекеттеринин тарыхы абдан кызык болуп жатат. Сиздердин маданият укмуштуудай таң каларлык. Биздин кийинки милдетибиз - мындай бай тарыхый мурасты европалыктарга жайылтуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков