Кытайда ШКУ мамлекеттери чеберлеринин көргөзмөсү өтүүдө

Кытайда ШКУ мамлекеттери чеберлеринин көргөзмөсү өтүүдө

Кытайда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин сүрөтчүлөрү менен скульпторлорунун көргөзмөсү өтүүдө. Бээжиндеги Улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылган «Жалпы кыял» экспозициясында Казакстандан келген кылкалем чеберлери жана жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган. Алардын ичинде Жүргенов атындагы Казак улуттук көркөм академиясынын мектеп-интернаты тарбиялануучуларынын эмгектери бар. Жалпысынан көргөзмөдө Кытайдын Улуттук көркөм сүрөт музейинин фондундагы 50дөн ашык экспонат менен таанышууга болот. Кошумчалай кетсек, 89 чыгарма санарип форматта сунушталган. Эл аралык уюмдун Кытай Эл Республикасында маданият жылынын алкагында уюштурулган көргөзмө аяк оона айынын 21не чейин уланат.

У Вэйшань, КЭРнын улуттук көркөм сүрөт музейинин мүдүрү:

- Бул көргөзмөнүн эң негизги өзгөчөлүгү - анын инклюзивдүүлүгүндө. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлкеттери чеберлеринин эмгектери бир жерге топтолгон. Ар бири өз маданиятына ылайык уникалдуу, кайталангыс чыгарма. Көргөзмөнүн эмблемасынын түсү көк. Ал адамзаттын жалпы келечегин билдирет. Андагы кеме бир асман, бир деңиз менен бирге сүзүп келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков