Берн музейинде Борбордук Азиядан алып келинген экспонаттар сакталган

Берн музейинде Борбордук Азиядан алып келинген экспонаттар сакталган

Эми Берндеги Швейцария музейинен Улуу Талаанын тарыхы, маданияты жана жашоосу тууралуу билүүго болот. Мында «Чыгыш коллекциясы» деп аталган эки миң артекфакт жана экспонат сакталган. Алардын арасында сапаттуу фото-сүрөттөр, карталар жана экспонаттар, Алтын Ордо хандарынын тыйындары бар. Ошондой эле, ошол кездеги казактардын жашоосу тууралуу күндөлүктөр, каттар жана макалалары сакталган. Байыркы кылычтар, зер буюмдар, ат жабдыктары, керамика жана колго жасалган килемдер да музейден өз ордун тапты. Аларды биз кездери Борбордук Азия менен Казакстанга Европадан Анри Мозер алып келген.

Албан Вон Штокхаузен, Берн тарыхый-музейинин кызматкери:

- Эми Берндеги Швейцария музейинен Улуу Талаанын тарыхы, маданияты жана жашоосу тууралуу билүүго болот. Мында «Чыгыш коллекциясы» деп аталган эки миң артекфакт жана экспонат сакталган. Алардын арасында сапаттуу фото-сүрөттөр, карталар жана экспонаттар, Алтын Ордо хандарынын тыйындары бар. Ошондой эле, ошол кездеги казактардын жашоосу тууралуу күндөлүктөр, каттар жана макалалары сакталган. Байыркы кылычтар, зер буюмдар, ат жабдыктары, керамика жана колго жасалган килемдер да музейден өз ордун тапты. Аларды биз кездери Борбордук Азия менен Казакстанга Европадан Анри Мозер алып келген.

Томас Паули-Габи, Берн тарыхый музейинин мүдүрү:

- Биздин музей Берн тарыхына арналган жана мында шаар менен кантонубуз үчүн маанилүү экспонаттар коюлган. Бирок, бизде жүздөгөн жылдар бою Борбор Азия искусствосунун уникалдуу коллекциясы сакталып келет. Анын тарыхый баалуулугу музей үчүн абдан жогору.

Мындан бир нече жыл мурун Берн тарых музейинде ушундай баалуу маалыматтарды тапкан казакстандык окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн натыйжасында «Анри Мозер фондунда Казакстандын тарыхы жана маданияты боюнча кол жазмалар менен артефакттар» аттуу китеп-альбому басып чыгарылган. Бул тарыхый экспонаттардын көчүрмөлөрү бар англис, казак жана орус тилдеринде 472 беттен турган басылма. Белгилей кетсек, Берн тарых музейи менен университети Сулейменов атындагы Чыгыш таануу институту менен кызматташууну мындан ары улантууга ниеттенүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков