Казак адабияты көргөзмөсүнүн ачылышы

Казак адабияты көргөзмөсүнүн ачылышы

Москвада казактын үч акыны: Абай Кунанбай уулу, Жамбыл Жабаев жана Мукагали Макатаевдин чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылды. Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган экспозиция орусиялык жана казакстандык китепканалар фонддорунан баалуу жана эксклюзивдүү басылмаларды сунушталган. Алардын арасында Абайдын чыгармаларынын алгачкы басылышынын түп нускасы бар. Ал 1909-жылы Санкт-Петербургда араб арибинде казак тилинде басылып чыккан. Көргөзмө Казакстандын Улуттук академиялык китепканасынын «Эстелик жана тынчтык жолу» аттуу эл аралык долбоорунун алкагында өтүүдө. Долбоордун максаты - китепкана фонддору тууралуу маалымат чогултуп, маалымат базасын түзүү.

Вадим Дуда, Орусия мамлекеттик китепканасынын мүдүрү:

- Ленинкада 47 миллионго жакын документ бар, алардын басымдуу бөлүгүн казак тилиндеги жана казак басылмалары түзөт. Арасында чынында абдан баалуу жана сейрек кездешкендери да бар. Ошентип, казак кесиптештер менен бирге фондубуздагы китептерди коомчулук назарына сунуштоо тууралуу чечим кабыл алдык.

Баянгали Алимжанов, жазуучу:

- Иш сапарыбыздын уландысы катары Ржев шаарына барууну мерчемдеп жатабыз. Буга Ржев фронтунда курман болгон казактын жоокерлери бар. Биз ал жерде китепканачылар менен жолугушууну ниеттенип жатабыз. Андан кийин Омск шаарына бардык. Бул жерде канча деген боордошторубуз жашайт. Максатыбыз Омсктун китепканасы менен Казакстан китепканасынын байланышын бекемдөө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков