Нур-Султанда туристтер үчүн QR коду бар көрсөткүчтөр пайда болду

Нур-Султанда туристтер үчүн QR коду бар көрсөткүчтөр пайда болду

Нур-Султанда убакытты кантип натыйжалуу өткөрүүгө болот? Бардык керектүү маалыматты QR коду бар көрсөткүчтөрдүн жардамы менен алууга болот. Алар туристтик полициянын бардык стационардык постторунда – тагырагы «Байтерек» жана «Казак эли» монументтеринде, ошондой эле «Ашыктар паркынын» жана ЭКСПО көргөзмө борборунун аймагында жайгашкан. Казак, орус, англис жана кытай тилдеринде чыгарылган атайын иштелип чыккан брошюралар-гиддер туристтерге мегаполис менен өз алдынча таанышууга жардам берет. Алар шаардын карталары жана чиймелери менен коштолгон, анда барууга боло турган жерлердин тизмеси камтылган. Туристтик полициянын айтымында, учурда мындай жаңычылдык саякатчылар тарабынан оң бааланууда.

Валерия Вознесенская, турист:

- Туристтик шаарга келгенде эч нерсени калтырбай, баарын көргүң келет. Биздин шаарда көрүүгө, катышууга жана саякаттоого татыктуу көптөгөн кызыктуу туристтик жерлер бар. Интернеттеги маалыматты караганда, эмнени издөө керек экенин билүү керек. Анткени биринчи жолу келгенде, эмнеден баштоону билбешиңиз мүмкүн. Ал эми бул жерде бардыгы ачык, иллюстрациялар менен, текст менен бир жерде чогултулган. Мен муну абдан ыңгайлуу деп эсептейм.

Туристтик полицияга күн сайын 30га чейин адам кайрылат. Кызматкерлер туристтер менен оңой эле тил табышат, анткени алар чет тилдерин билишет. Белгилей кетсек, көбүнчө алар багыттоо маселелерине, бир жерден экинчи пунктка кантип жетүүгө, кайсыл жерге токтолууга, негизги аттракциондордун жайгашкан жерине жана башка көптөгөн нерселерге кызыгышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков