Эки күндө 93 миң казакстандык каттоодон өттү

Эки күндө 93 миң казакстандык каттоодон өттү

Аяк оона айынын 1де башталган улуттук элдик каттоого 93 миң 500дөн ашуун казакстандыктар катышты. Өнөктүк алгачкы эки күнүнүн жыйынтыгы боюнча Павлодар облусу алдыда келе жатат. Облуста 16 миңден ашуун адам каттоодон өткөн. Жигердүүлүк жагынан Нур-Султан шаары экинчи орунда. Борбор калаанын 15 миң 509 тургуну эл каттоонун суроолоруна жооп берген. Алардын арасында президенттик администрациянын кызматкерлери, анын ичинде биринчи орун басары Даурен Абаев бар. Ал ата мекендик телеканалдардын бирине берген маегинде эл каттоонун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын ийгилигине, облустук жана райондук бийлик жумушунун эффективдүүлүгүнө баа берүүгө боло турганын белгиледи.

«Бул абдан маанилүү маселе. Биз калкка саны гана эмес, өзүбүздүн ким экенибиз дагы кызыктырат. Сурамжылоого көптөгөн суроолор киргизилген. Бул маалыматтардын бардыгын маалымат базасынан алууга болбойт. Эл каттоо – бул калктын жыргалчылыгын, чыныгы абалын түшүнүүгө мүмкүндүк берет», - деди Абаев.

Эске салсак, каттоого тогуздун айынын 30на чейин катышып, сурамжылоодон өтүүгө болот. Маалымат чогултуу эки жол менен жүргүзүлөт: sanaq.gov.kz сайты аркылуу жана үймө-үй кыдыруу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков