АКШ: 20 жылга созулган согуш аяктады

АКШ: 20 жылга созулган согуш аяктады

АКШнын Ооганстандагы 20 жылга созулган миссиясы соңуна чыкты. Кабулдан АКШнын акыркы учагы учуп кетти. Ошентип, америкалыктарды Ооганстандан эвакуациялоо иши аяктады. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү генерал Кеннет Маккензи билдирди. Анын айтымында, америкалыктар Ооганстанда калган 26 аскердик техниканы жана 73 учакты кайра оңдолбой тургандай кылып, иштен чыгарган. Кабул эл аралык аэропорту «Талибан» кыймылынын толук көзөмөлүнө өттү. Белгилей кетсек, талиптер бийликке келгенден кийин Кабулдан 122 миңден ашуун адам, анын ичинде 6 миңдей америкалык жаран көчүрүлгөн.

Кеннет Фрэнк Маккензи, АКШы борбордук кол башчысынын жетекчиси:

- АКШнын бардык аскерлери Ооганстандан чыгып кетишти. Ошентип, Ооганстандагы аскерий миссиясынын толук аяктаганын жарыялайбыз. Кабул аэропортунда ракетага каршы коопсуздук системасы акыркы мүнөттөргө чейин иштеп турду. Биз бул техникалык жабдууларды экспорттоого убакыт короткон жокпуз. Бирок толук иштен чыгарып кеттик.

 

Өзбекстан ооганстан менен чек арасы жабык экенин маалымдады

Ал эми Өзбекстан Ооганстан менен чек арасы жабык экенин билдирди. «Термез» өткөрүү пунктунан адамдар өтүп жаткан жок. Жакын арада аны ачуу мерчемделген эмес. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ошентип, расмий Ташкент интернетте тараган Өзбекстан Ооганстандан качкан бозгундар үчүн чек араларын ачууга даяр деген маалыматты четке какты. Белгилей кетсек, Өзбекстан бир катар мамлекетке Кабулдан жарандарын эвакуациялоого колдоо көрсөткөн. Бирок башка өлкөлөрдө гуманитардык операциялар аба аркылуу гана ишке ашырылды.