Паралимпиада 2020: казакстандык спортчу күмүш медаль алды

Паралимпиада 2020: казакстандык спортчу күмүш медаль алды

Дагы бир медаль. Токиодо өтүп жаткан Паралимпиадалык оюндарда дзюдочу Ануар Сариев күмүш медаль тагынды. 60 килограммга чейинки салмакта чеберчилик көрсөткөн спортчу финалда азербайжандык атаандашынан утулуп калган. Эске салсак, Казакстан курама командасы Паралимпиадалык оюндарынын экинчи медалына ээ болуп жатат. Кечээ Давид Дегтярев пауэрлифтинг боюнча алтын медалды багындырган эле.

Которгон: Илгиз Жамалбеков