Улуттук аспап чебери

Улуттук аспап чебери

Ышкырык, сазсырнай, тастауык. Түндүк Казакстан кол өнөрчүлүк чебери Канат Исеков казактын улуттук үйлөмө аспаптарын жасоо менен алектенет. Ал үчүн колунда бар буюмдарын гана колдонот. Ага топурак, суу жана от керектелет. «Эскирген нерселерди жасоодо мындан башка эч нерсенин кереги жок» - дейт ал.

Канат Исеков, технология предметинин мугалими:

- Чыдамдуулук керек, сабыр керек. Албетте, андан кийин бир аз ой-чабыт керек. Аны оюп, кооздоп, саймалоого болот. Чопо ушул жергиликтүү жердин, 1,5-2 метр жерде жер төлө, кудук казган кезде алынат.

Казактын эскирген улуттук аспаптарын кайрадан жаңыртып жүргөн аймактагы жалгыз кол өнөр чебери азыр келечек муундарга казак кол өнөрчүлүгүнүн чеберчилигин үйрөтүүдө. Ал тургай, мектептеги технология сабактарында да балдар чопо шаймандарды жасашат.

Шыңгыс Сарсимов, окуучу:

- Бул – сазсырнай. Аны жасоого бир саат убакыт кетет. Аны кургатуу 1-2 жумага созулат. Бул шайманды кургатканда караңгы жерге коюш керек. Ысык да, суук да болбошу зарыл. Андан кийин аны катуу кылуу үчүн мешке салып, отко күйгүзөбүз.

Кол өнөр чебери көкүрөгү күүгө толгон, ар бир үнүндө чечендик бар домбраны, жети кылдуу чертмек жетигенди, ал тургай кобызды да жасап көргөн. Эң негизгиси кайың, карагай сыяктуу катуу жыгачтарды колдонуу керек, - дейт Канат Исеков.

Которгон: Илгиз Жамалбеков