Казакстан мектептеринин жаңы окуу жылына даярдыгы

Казакстан мектептеринин жаңы окуу жылына даярдыгы

Казакстанда жаңы окуу жылында мугалимдер жана кызматкерлер 100% эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгеринин коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча жаңы окуу токтомунда бекитилди. Буга кошумча, документке ылайык, имаратка кирүү учурунда «Ashyq» тиркемесин киргизүү, беткап режимин сактоо сыяктуу эрежелери бар. 30-мектептин мүдүрү Сауле Мыншал кызы каналга берген эксклюзивдүү маегинде жаңы окуу жылына даярдык кызуу жүрүп жатканын билдирди. Мугалим балдардын коопсуздугу биринчи орунда экенин айтат.

Сауле Азимханова, Нур-Султан шаардык 30-мектептин мүдүрү

- Быйылкы окуу жылында биздин мектеп, борбор калаанын бардык мектептери жаңы эрежелерге ылайык окуу жылына толук даяр деп айта алабыз. Биринчиден, биз бирдин айынан бери бардык мугалимдерибизди жана кызматкерлерибизди эмдөөдөн өткөрдүк. Азыр мектептеги бардык кызматкерлер 100 пайыз вакцинациялоодон өтүштү. Экинчиден, окуучуларды жана ата-энелерди маалыматтандырып, ата энелерибиздин вакцина алуу кажет экендиги боюнча азыркы учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алектенип жатабыз. Үчүнчүдөн, биз мектептин имаратын, ар бир классты эрежеге ылайык даярдап жатабыз.

Ошондой эле, адис балдардын топтошуп чогулбоосу үчүн ар бир класстын өзүнүн жеке коңгуроо убактысы боло турганын жана бир тепкич менен чыгып, экинчиси менен түшөрүн айтты. Бул окуучуларга гана эмес, бардык кызматкерлер үчүн да бирдей эреже болот. Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылында 30 мектеп мурдагыдай 5 күн эмес, 6 күн иштейт. Анткени эки нөөмөт ортосундагы аралык узун болууга тийиш. Ошентип, балдар экинчи нөөмөткө келгенге чейин кызматкерлер классты дезинфекциялоого үлгүрүшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков