Казакстандыктар Кишиневду кантип бошотту?

Казакстандыктар Кишиневду кантип бошотту?

Баш оона айынын 24ү - Молдова үчүн маанилүү күн. Бул күнү республика Кишиневду фашисттик баскынчылардан бошотуу күнүн белгилейт. Молдова эли 70 жыл мурун эрдик көргөзгөн баатырлардын ысымдарын азыркыга чейин эстеп, урматтап келишет. Алардын арасында тарыхта аты түбөлүккө жазыла турган казакстандыктар аз эмес. Мисалы, өлкөнүн Новоанен районундагы мектепке казакстандык Канаш Камзиндин ысымы берилген. Борбордук көчөнүн аталышы дагы Камзиндин урматына коюлган. Жоокердин эрдигин элеттиктер эч качан унутушкан эмес. Дагы бир казак баатыры Танирберген Калилахановдун эрдиги да таң каларлык.

Валерий Белеревич, «Август» издөө тобунун мүчөсү:

- Бул жерде бир DOT бар, тагыраагы, узун коргонуу пункту. Ошол жерде жалгыз казак аман калган. Немистердин ок дарылары түгөнүп, румындар ошол жерди кайтарып калышкан. Аларга бир дагы дотту көздөн тыш калтырбай, жок кылуу тууралуу буйругу берилген. Бирок казак бир жума бою баш тарткан эмес. Суу жок, огу да жок, чачы да калбаган эле. Караңгы түндөрдүн биринде зындандан чыгып, жалгыз өзү 20 румындыкты бычактап өлтүргөн. Алардын куралын алып, Берлинге чейин жеткен деген маалыматтар бар. Муну тастыктаган документтер дагы бар.

Танирберген Калилаханов согушта көрсөткөн эрдиги үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени менен, «Ата Мекендик согуш» ордендери жана Германия менен Кенигсбергди басып алганы үчүн сыйланган. Согуштан кийин туулган жери Алматы облусуна кайтып келген баатыр 2007-жылы 91 жашында каза болгон. Ал эми Молдовада курман болгон жоокерлерди эскерүү үчүн жыл сайын издөө отряддары уюштурулат.

Алексей Петрович, Орусиянын тарыхый-патриоттук отрядынын жетекчиси

- Алты жоокердин сөөгү чуңкурдун түбүндө калган окшойт. Аскерлердин биринин жанынан портфель, айнек идиш жана гезит баштыгы табылган. Бул дивизиянын согуш гезити болчу. Гезитти жай ачып жатып, гвардия сөлөкөтүн көрдүк. Ар бир күзөтчүнүн ушундай төш белгиси болгон. Кийинки табылган буюм - мыкты пулеметчу деген төш белги болду. Бул жерде жоокердин ким экенин билүү үчүн бир ок табылды. Бирок анын номери болгон эмес. Дагы бир буюм - Сталинградды коргогону үчүн алган медаль. Бирок анын да номери жок экен. Эң акыркысы болуп «Каармандыгы үчүн» медалы чыкты. Ошол учурда биз баш кийимибизди асманга ыргыта кубандык – анткени жоокердин ким экенин аныктай турганыбызды билдик.

«Август» отряды Орусиянын тарыхый-патриоттук отрядынын мүчөлөрү менен биргелешип, казак кесиптештерине да кайрылат. Алар биргеликте чоң жумушту аткарып жатышат. Башкача айтканда, алар Кишиневго жакын жерде курман болгон жоокерлердин сөөктөрүн издеп, аларды мекенине кайтаруу менен алектенишет. Айта кетсек, кээ бир маалыматтарга караганда, Кишиневду бошотуу үчүн Яссы-Кишиневдогу салгылашта 13 миң жоокер курман болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков