Президент белгилүү жазуучу Султан Оразалиндин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Президент белгилүү жазуучу Султан Оразалиндин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Журналист, жазуучу, теле драматург жана коомдук ишмер Султан Оразалин 80 жашында көз жумду. Ал өлкөдөгү көркөм телеберүүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири. Кызмат жолунда жүздөгөн адабий телесценарийлер жана теледрамалар түзүлүп, көгүлтүр экранда коюлду. Алардын ичинде, «Маектешүү», «Кымызкана», «Кездешүү», «Шугыла», «Айтыс», «Эл казынасы» жана башка кабарлар цикли менен «Кек», «Отырар ойраны» «Өлүм фабрикасы», «Качкын» теле берүүлөрү коомчулукка кеңири белгилүү болду. Султан Оразалин оозеки адабияттын жанрларын, анын ичинде айтыш, терме, ыр өнөрүн жандандырууга жана көгүлтүр экрандан жайылтууга чоң салым кошту.

Президент Касым-Жомарт Токаев Султан Оразалиндин үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына көңүл айтты. Президент өрнөктүү өмүр сүрүп, бай адабий мурас калтырган Султан Шарипулынын жаркын элеси эч качан унутулбай турганын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков