«Ыйык Казакстан» жыйнагынын IV тому жарык көрдү

Кең тааланын ыйык жерлерин инвентаризациялап, системалуу талдоо. Бул максатта колго алынган «Ыйык Казакстандын» беш томдугунун төртүнчү бөлүмүнө 100 ашуун тарыхый жерлер, ыйык жайлар жана маданий эстеликтер кирди. Улуттук музейде Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан жана Павлодар аймактарындагы баалуу мурастар камтылган энциклопедиялык жыйнак көпчүлүккө көрсөтүлдү. Салтанаттуу иш-чарага китептеги жаңы маалыматтарды чогултууга түзүүгө түздөн-түз катышкан тарыхчылар, чөлкөм таануучулар, изилдөөчүлөр менен илимпоздор катышты. Белгилей кетсек, буга чейин жарык көргөн бөлүмдөрүндө өлкөнүн башка да аймактарындагы тарыхый-маданий жайлар менен объекттердин тизмеси түзүлгөн. Бул Алматы, Акмола, Караганды, Костанай, Кызылорда жана Батыш Казакстан облустары жана Нур-Султан, Алматы шаарлары.

БАТЫРХАН ЖУМАБАЕВ, «ЫЙЫК КАЗАКСТАН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- 4-том Абайдын 175 жылдыгына арналган майрамга туш келип, бет ачары өттү. Китеп эки тилде 2 миң нускада басылып чыкты. Анын 1000 казак тилинде, жарымы орус тилинде. Бул 5 жылга пландалган долбоор. 5-томду кийинки жылы жарыкка чыгаруу көздөлгөн. Акыркы коллекцияга ыйык Түркестан аймагы менен Шымкент шаарынын касиеттүү жерлери кирет деп мерчемделген.