Казакстанда түшүм жыйноо өнөктүгү уланууда

Казакстанда түшүм жыйноо өнөктүгү уланууда

Быйыл казакстандык дыйкандар 15 миллион тоннадан ашык түшүм алышат. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри Ербол Карашукеев өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, кээ бир аймактарда кургакчылык болгонуна карабай, күтүлүп жаткан дандын көлөмү республиканын ички керектөөлөрүн толугу менен камсыз кылууга жана экспорттук пландарды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Башкармалыктын башчысынын айтымында, Казакстанда 450 миң тоннага жакын эгин кору бар. Андыктан, азык-түлүк коопсуздугу үчүн тынчсыздануунун кажети жок, - деп ишендирди министр жыйын учурунда. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республикада түшүм жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Аймактарда 1,5 миллион гектар дан жана буурчак өсүмдүктөрү жыйналып бүттү.

Ербол Карашөкеев, КРнын Айыл чарба министри

- Орточо түшүмдүүлүк гектарына 10,0 центнерди түзүп, 1,5 миллион тонна дан эгилди. Өткөн жылы орточо түшүмдүүлүк гектарына 14,9 центнерди түзүп, 2,4 миллион тонна же 37,5%га көп эгилген. Негизги дан эгиндерин жыйноо ушул айдын үчүнчү декадасында башталат. Эгин жыйноо өнөктүгүн ишке ашырууга республикадагы 141,7 миң трактор, 73,5 миң трактор чиркегичи, 36,9 миң дан жыйноочу комбайн, 12,8 миң комбайн тартылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков