Жаңы күн электр станциясы бир шаарды толук электр энергиясы менен камсыздайт

Жаңы күн электр станциясы бир шаарды толук электр энергиясы менен камсыздайт

Жашыл экономикага дем берген жаңы демилге. Караганды облусунун Балкаш шаарына караштуу Коңырат калктуу-конушундагы күн электр станциясынын курулушу аяктоо алдында турат. Адистердин айтымында, бул жердин климаты альтернативдүү энергия булактарын өндүрүү үчүн абдан ыңгайлуу. Мында 7 бирдей подрядчы компания иштеп жатат. Аймагы 179 гектар аянтты ээлеген алкакка 94 миң күн батареялары орнотулду. Бул панелдердин өзгөчөлүгү - эки тарабы тең бирдей өлчөмдөгү күн нурун ала алгандыгында. Станция саатына 100 мегаватт электр энергиясын өндүрө алат. Коңырат калктуу-конушун электр энергиясы менен камсыз кыла турган энергия булагы 2022-жылы ишке берилери мерчемделүүдө.

Талгат Босалов, энергетик:

- Долбоор боюнча металлды чогултуу иштери жүрүп жатат. 80 пайызы аяктаган. Ал эми электр кабелинин 3 түрү курулган. Учурда алардын 85 пайызы орнотулган. Иштин ыргагы жаман эмес. Жумушчу күчү жана керектүү техника да бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков