Жаштар – заманбап Казакстандын имиджи

Батыл, жаңычыл жана көз карандысыз. Азыркы жаштар ушундай. 23 жаштагы белгилүү видеограф жана режиссёр Кыран Талапбек: «Хоббиңди кирешелүү бизнеске айландыр, багынба, ошондо жеңилбейсин» деген ураан менен жашайт. Ал өзүн «эркин» адам катары сүрөттөйт. Ал эми учурдун эң заманбап сөзүнө айланган «каржылык көз карандысыздыкка» ал 15 жашында жеткен. Деген менен жаш режиссёр эч нерсе оңой менен келбестигин, бир гана талыкпаган эмгек гана ийгиликке жетикирерин жакшы билет.

КЫРАН ТАЛАПБЕК, РЕЖИССЁР:

- Кыран Талапбек бир күндө эле Кыран болуп калган жок. Менин бир гана 52-видеомду адамдар сынап көрдү, ошол 52 чейин натыйжа болбосо да, эч кандай пикир жок болсо дагы, өзүбүзгө жаккандыктан ишти жасай бердик. Ал эми 52-видеону чыгарган кезде автоматтык түрдө калган 51 эл автоматтык түрдө байкап, баасын берди.  Ошондуктан эртеби-кечпи ал сөзсүз түрдө натыйжасын берет. Болгону, биринчиси баш тартпоо, экинчиси аягына чейин иштөө керек.

Эч нерсеге карабастан «баш тартпоо» керек деген пикирге Рафаэль Фатхеьлянов да кошулат. Өзүнүн спорттук карьерасын акробат-батут катары баштап, учурда аты алыска тараган Du Soleil  циркинин артисти. Пандемиядан улам акыркы алты айдан бери бош. Өлкөгө кайтып келгенден кийин да жөн отурбай жеке ишин ачкан.

РАФАЭЛЬ ФАТХЕЛЬЯНОВ, DU SOLEIL ЦИРКИНИН АРТИСТИ:

- Жалган куран айынын 14 бери Казакстанда жүрөм. Чынын айтсам, өлкөгө кайтып келген күндөн баштап эмне кыларымды билбей турдум. Бирок эч нерсеге карабастан коомдук тамактануу жайын ачтым. Ошондой эле, азыр ойлонуп жаткан бир нече долбоорду баштайын деп жатам. Жаштарга айтарым баш тартпоо керек. Себеби, жашоо бир көз ирмемден турбайт.

Эгемендүү өлкөнүн жаштарынын аң-сезими жана кыялы чоң. Алар кийинки жылы көз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилей турган Казакстандын бүгүнкү имиджи.