Азербайжанда Абайга арналган почта маркалары чыгарылды

Азербайжанда Абайга арналган почта маркалары чыгарылды

Бакуда казактын улуу акыны Абай Кунанбай уулунун мааракесине карата чыгарылган почта маркалары тааныштырылды. Алар Испаниядагы эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун демилгеси менен түзүлгөн. Эл аралык масштабдуу аудиторияны түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсанынын чыгармачылыгы менен тааныштыруу, казак адабияты жана маданиятын дүйнөгө жайылтууну көздөгөн иш-чара Абай чыгармачылыгына арналган концерт менен коштолду.

Гюнай Эфендиева, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти:

- Түрк тилдүү мамлекеттердин баарында Абайга болгон урмат абдан жогору. Анткени биздин тамырыбыз бир, тарыхыбыз бир. Азербайжан президентинин тапшырмасы менен борбордогу көчөлөрдүн бирине Абай Кунанбай уулунун ысымы берилди. Муну менен катар, Бакуда Абай атындагы маданий борбор да бар. Бардык боордош өлкөлөрдө Абайга эстеликтер орнотулган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков