Павлодардан Алматыга чейинки сапар

Павлодардан Алматыга чейинки сапар

Павлодардан Алматыга чейин лонгборд менен саякат. Ришат Шайхитдинов атайын транспорт түрү менен 1500 чакырымды артта калтырып, түштүк шаарга 2 жуманын ичинде жетти. Төрт дөңгөлөктүү тактайча скейт-борддон узундугу менен айырмаланат, - дейт Алматыга жөө жеткен жигит.

Ришат Шайхитдинов, саякатчы:

- Биздин өлкөдө лонгборддордун түрлөрү аз. Ага карабастан, мен Павлодар шаарынан эң жакшы тактайчаны сатып алдым. Мен саякат үчүн эмне керек экенин жакшы билем, ошондуктан жылуу кийим, суу жана жемиштерди гана алдым.

Бир шаардан экинчи шаарга төрт дөңгөлөктүү тактайча менен баруу акылга сыйбаган нерседей көрүнгөнү менен Ришат үчүн бул жашоо образына айланган. Ал таңкы беште жолго чыгып, жарым күндө 100 чакырымды басып өтүп турган. Кечинде мейманкана таап, түнөгөн. Бирок, план дайыма эле ойдогудай боло бербейт, - дейт саякатчы.

Ришат Шайхитдинов, саякатчы:

- Жол жок жерлерде жөө жүрүүгө туура келди. Жөө басуу жай жана бат чарчатат. Андай күндөрдө бара турган жериме жете албай, талаада түнөдүм же түнү менен жол жүрдүм десем болот.

Алдыда кеме лонгборд менен Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Ооганстанга чейин жетүүнү көздөп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков