Олимпиадачылар өлкөгө кайтып келишти

Олимпиадачылар өлкөгө кайтып келишти

Казакстандын спортчулары Токио Олимпиадасынан кайтып келишти. Байге ээлерин Алматы аэропортунда коомчулук кучак жая тосуп алды. Алардын арасында София Берульцева, Сакен Бибосынов, Камшыбек Конкабаев бар. Эске сала кетсек, Казакстандын курама командасы Жапонияда өткөн жайкы олимпиада оюндарында 8 коло медаль уткан.

Софья Берульцева, Олимпиаданын коло медалынын ээси:

- Каратэ Олимпиадага биринчи жолу киргенден кийин толкундануу болду. Бирок биз бул олимпиадага жакшы даярдандык. Жакшы чыктык. Албетте, маркум Жасталап агай бул жерде болгондо абдан кубанар элем. Ал биз үчүн болгон күчүн жумшады. Биздин спорт үчүн. Бүтүндөй федерация үчүн. Албетте, бул медаль ошол адамга арналат.

Сакен Бибосынов, Олимпиаданын коло медалынын ээси:

- Максатым Олимпиадада мекениме алтын менен кайтуу болчу. Бир аз өкүнүү бар. Бирок бул менин жеңишим, бул жеңиш чоң спорттогу жеңишке карай тепкич деп билем. Кудай буюрса, мен өлкөмдү көптөгөн жеңиштер менен кубантам. Ал үчүн кийинки мелдештерде казак өлкөсүн, казак элинин ишенимин актоо үчүн болгон күч аракетимди жумшайм.

Камшыбек Коңкабаев, Олимпиаданын коло медалынын ээси:

- Мен өлкөгө келгенибизге кубанычтамын. Жылуу кабыл алып жатат. Мен муну менен токтоп калбайм жана далай ирет өлкөмдү кубантам деген ишенимдемин. Жигиттер бардык күчүн жумшады. Өмүрүн берди десем болот. Буюрганы ушул болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков