Борбор калаанын жолдорунда үн чыгаруучу кызыл тилкелер пайда болот

Борбор калаанын жолдорунда үн чыгаруучу кызыл тилкелер пайда болот

Борбор калаадагы жөө жүргүнчүлөр жолдорунда үн чыгаруучу кызыл тилкелер пайда болду. Алар азырынча 7 аймакта жайгашкан. Бул калк жыш жайгашкан аймактар, жеке тармактар жана сейил бактар. Долбоор биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Алдыда Нур-Султан акимчилиги элдин кызыкчылыгы үчүн дагы ушундай 20 тилке түзүүнү мерчемдөөдө. Жергиликтүү полиция департаменти кызыл түс айдоочулардын көңүлүн тез бурдурарын жана аба ырайы начар күндөрү көрүү мүмкүнчүлүгү жогору болорун айтат. Кадимки ак тилкенин артыкчылыгы мына ушунда. Эгерде бул ой натыйжалуулугун көрсөтсө, анда долбоорду жүзөгө ашыруу борбордун чегинен тышкаркы аймактарга да жайылтылат.

Махамбет Тулешев, Нур-Султан шаары акимчилик полициясынын ага инспектору:

- Бул диапазондор үн чыгаруу менен эле чектелбейт. Ошол эле учурда түс сергектигин жогорулатып, жөө жүргүнчүлөрдүн жолуна айдоочунун көңүлүн бурдурат. Мындай аракет менен жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Ошондой эле кошумча 20 тилкени ишке киргизүү пландалууда. Бул боюнча акыркы чечим кабыл алына элек. Биз азыр кызыл сызык тартылышы керек болгон жерлерди аныктап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков