Казакстан калкынын саны 19 миллионго жетти

Казакстан калкынын саны 19 миллионго жетти

Казакстандын калкынын саны 19 миллионго жетти. Бул тууралуу мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Twitter баракчасына жарыялады. «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын алдында Казакстандын калкынын саны тарыхый деңгээлге жетти. Алматы облусунда төрөлгөн Жания Азамат кызы өлкөнүн он тогуз миллионунчу жараны катары катталды. Жания үй-бүлөнүн төртүнчү баласы. Мен бул кубаныч менен ата-энеси жана казакстандыктарды куттуктайм. Бешик боосу бекем болсун!» - деп жазган Мамлекет башчысы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков