Курулуш тармагын санариптештирүү: Казакстанда 6 жаңы маалымат тутуму ишке кирет

Курулуш тармагын санариптештирүү: Казакстанда 6 жаңы маалымат тутуму ишке кирет

Санариптештирүү бардык жерде! Казакстанда алты жаңы электрондук курулуш долбоору ишке киргизилүүдө. Алар бир эле учурда бир нече көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет - мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгын жана жалпысынан курулуштун сапатын, ошондой эле өндүрүштөгү жергиликтүү контенттин үлүшүн жогорулатуу. Бул тууралуу борбор калаада санарип платформаларды презентациялоо учурунда Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министринин орун басары Кайырбек Ускенбаев билдирди. Анын айтымында, келерки жылдан тарта өлкөдөгү мамлекеттик буюртма берген бардык объектилердин курулушу атайын «E-Qurylys» маалымат системасынын жардамы менен көзөмөлгө алынат. Бул бардык курулуш жүрүмдөрүн, анын ичинде документтерди, каттоолорду жана техникалык көзөмөл отчетторун онлайн жаздырууга мүмкүндүк берет. Айта кетчү жагдай, адистер мамлекеттик объектилердеги курулуш жараянын санарипке өткөрүү боюнча иштер башталганын ырасташууда. Келерки жылдан баштап ал толугу менен автоматташтырылышы күтүлүүдө.

Алмаз Ыдырысов, КРнын Курулуш жана турак жай коммуналдык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары:

- Эч ким эч качан кийлигише албайт жана эч кандай документтерди жасалмалай албайт. Буга кошумча административдик чыгымдарды азайтат. Портал курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөөгө гана эмес, сапаттык көрсөткүчтөргө жетүүгө да мүмкүнчүлүк берет. Мерчемдөө жараянынан баштап, ишке киришүүгө чейинки маселелерди камтыган «E-Qurylys», «Маркетплейс», «E-Shanyraq» долбоорлору ишке кошулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков