Казакстандын орто мектептери жаңы окуу жылына даярдык көрө баштады

Казакстандын орто мектептери жаңы окуу жылына даярдык көрө баштады

Казакстандын орто мектептери жаңы окуу жылына даярдык көрө баштады. Билим борборлору балдарды коронавирустан коргоонун жолдорун кылдат иштеп чыгууда. Актөбөдөгү бул мектепте 1600гө жакын бала окуйт. Андыктан жамаат даярдык көрүп, аяк оона айынан баштап санитардык талаптарга өзгөчө көңүл бурууну ойлонуштуруп жатат. Эпидемиянын коркунучу жана анын алдын алуу жолдору мектептин кире беришинен баштап маалымдалып турат. Ал эми сабак берген 100дөн ашык мугалимдер жана кенже кызматкерлер да вируска каршы эмдөөдөн өттү.

Кайсыл мугалим эмдөөдөн өттү же өтпөдү, «Ashyq» программасынын QR коду аркылуу билүүгө болот.

Окуучуларга кооптуу инфекция тууралуу маалымат интерактивдүү доска аркылуу берилип турат. Ар бир класста дене табын өлчөөчү курал жана антисептик коюлган. Бөлмөдө 25тен ашык окуучу болбошу керек. Муну менен катар класстардын ортосундагы тыныгуулар ар бир топко ар кайсы убакта берилет.

Айсулу Жаксыбаева, №8 орто мектептин мүдүрү:

- Окуучулар бир жол менен кирип, чыкканда да бир жол менен чыгат. Эмнеге десеңиз, ар бир класска ар бир кабинет өзүнчө бөлүнгөн. График сабагы да жеке класстарга жекече бөлүнгөн. Коңгуроо графиги да. Бул эрежелер жана ушул багыт менен биз азыр балдарды күтүп, даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз. Окуучулар өткөн жылы да башталгыч, орто жана жогорку класстар бөлөк-бөлөк өзү кирген бөлүмдөрдөн кирди. Эгерде ушундай талап болсо, анда биз ошол талапты аткарабыз.

Мугалимдер дагы, ата-энелер дагы окуучулар мектепке барат деп үмүттөнүшөт.

Шынар Амангелди кызы, шаар тургуну:

- Баланын мугалимдин алдына келип билим алышын каалайбыз. Мектепте, партада отуруунун өзү окуучу үчүн чоң сабак деп ойлойм. Андыктан быйылкы окуу жылында биз мектепте салттык форматта окуйбуз деп үмүттөнөбүз.

Алдыдагы окуу жылы салттуу болобу же онлайн болобу, эпидемиологиялык кырдаалга жана санитардык дарыгерлердин чечимине жараша болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков