Казакстандык фильм Францияда прокатка чыкты

Казакстандык фильм Францияда прокатка чыкты

Казакстандык режиссёр Ерлан Нурмухамбетовдун «Мал уурулар. Мезгил жолдору» фильми Францияда прокатка чыкты. Бешинчи Республиканын 21 шаарында көрсөтүлө турган тасма, мал уурулар тобу үй-бүлөнүн атасын өлтүрүп кеткенде бейкапар жашоосу кыйраган ынтымактуу үй-бүлөнүн тарыхын баяндайт.

«Бул мени абдан толкунданткан жана кубанткан кабар, биз жапон режиссёру Лиза Такеба менен чогуу тарткан фильм дүйнөлүк кинонун мекенинде көрсөтүлөт. Мен француз көрүүчүлөрү менен катар Париждин кинотеатрларынын бирине билинбей кирип, алардын кандай таасир алганын сезгим келет», - деп режиссёр Ерлан Нурмухамбетов ой бөлүшкөн.

Тасмада башкы ролдорду Канны кинофестивалынын байге ээси Самал Еслямова, белгилүү театр жана кино актёру Дулыга Акмолда жана жапон актёру Мирай Морияма ойногон.

Белгилей кетсек, «Мал уурулар. Мезгил жолдору» фильми 2019-жылы 24-Пусан эл аралык кинофестивалын ачкан.