Казакстандагы жападан жалгыз роботтор музейи

Казакстандагы жападан жалгыз роботтор музейи

Казак баатырлары ааламдагы трансформерлер арасында ардактуу орунду ээлейт. Улуу талаанын жоокерлерин жасоону Алматы облусунун тургуну Куаныш Мухамеджанов пландап жатат.

Айтмакчы, ал бардык өнүмдөрдү металл калдыктары менен чаң соргучтардан жасайт. Скульптор бул ишке комикстер жана тасмалардын каармандарын жактыруусунан улам киришкен. Азыр ал автоботтордун өлбөс лидери – Оптимус Праймдын элесин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Мунун бардыгы Бамблби фигурасынан башталган.

Куаныш Мухамеджанов, скульптор:

- Мисалы, менин биринчи роботторум металл сыныктарынан жасалган. Мен аларды темир калдыктарынан кураштырдым. Андан тышкары, менин үйүмдүн жанында пластик үйүлүп жатчу. Өзүңөр билгендей, пластик 1000 жылда чирийт эмеспи жана мени чаң соргуч, сыналгылардын ыргытылганы өкүндүрөт. Андыктан ошол эски чаң соргучтардан кандайдыр бир арт-объекттерди, роботторду жасоону чечтим. Биринчи роботум сонун болду жана эл кызыга баштады.

Бир роботту куроо үчүн эң аз дегенде бир ай керек, себеби бардык бөлүктөрдү бир учурда табуу мүмкүн эмес. Скульптор роботту кураштырганга караганда издөөгө, сорттоого жана бардык материалдарды даярдоого көбүрөөк убакыт кетерин айтат. Мисалы бир автобот үчүн 15 даанага чейинки эски чаң соргуч керек болот.

Куаныш Мухамеджанов, скульптор:

- Бир роботту эң тез бир жумада курап бүткөм. Анда материалдар толук бар болчу жана бир күнү аны жасоону чечтим. Ал роботту чогултууга бир жума кетти. Ал эми эң оор диноробот – динозавр роботту кураштыруу үчүн эки айга жакын иштедим. Ал оор болчу. Металл сыныктарынан болгондуктан салмагы бир тоннадан ашты. Бирок ал мага жакты жана дагы бир динозавр жасоону ойлонуп жатам.

Скульптордун колунда жалпы 30 арт-скульптура бар. Мында терминаторлор, каармандар кийимдери жана башкалар да бар. Алардын көбү автор өзү ачкан музейге коюлган. Анын айтымында, бул Казакстандагы ушундай жалгыз мекеме. Чебер ал музейди кеңейтүүнү жана анда робототехника, арт-объекттерди түзүү боюнча эки класс ачууну кыялданып жатканын айтат.