Борбордо жазуучу Абдижамил Нурпеисов атындагы окуу залы ачылды

Борбордо жазуучу Абдижамил Нурпеисов атындагы окуу залы ачылды

Улуттук академиялык китепканада Казакстандын эл жазуучусу - Абдижамил Нурпеисов атындагы окуу залы ачылды. Мында китептерден тышкары жазуучунун жеке буюмдары коюлган. Алар окурмандарга кара сөз чеберинин жашоо жана чыгармачылык бай мурасы жөнүндө айтып берет. Учур талабына ылайык жабдылган зал адабий кечелерди өткөрүү үчүн дагы жайлуу орун болуп калмакчы.

Жаркынбек Жумадил, КР Улуттук китепканасынын кызматкери:

- Казак адабиятына кызыккан биздин окурмандарга жазуучу Абдижамил Нурпеисовдун чыгармачылыгы, өмүр жолу кызыктуу болот деп ойлойбуз. Мында адабий онлайн-жыйындарды, анын ичинде жаштар үчүн кызыктуу иш-чараларды дагы өткөрүүгө болот. Биз бул жакта жаңы муун үчүн чыгармачылык кечелер, адабий талкуулар өтүп турат деп күтүп жатабыз.

Абдижамил Нурпеисовдун чыгармалары түрк элдеринде жогору бааланган жана Европада таанылган. Анын «Кан жана тер» үчилтиги эле дүйнөнүн отуздан ашык тилине которулган. Ал чыгарма боюнча эки сериялуу тасма тартылган. Жазуучунун «Акыркы милдет» романы дүйнө жүзүн кызыктырган. Абдижамил Нурпеисов күзүндө 97 жашка чыгат, ал СССРдин мамлекеттик сыйлыгын алган үч казакстандык жазуучунун бири болуп саналат.

Актоты Раимкулова, КР Маданият жана спорт министри:

- Президент Касым-Жомарт Кемелевич Токаев 2019-жылы жазуучуга «Қазақстаның Еңбек Ері» наамын ыйгарган. Албетте, биринчи кезекте биз ага чың ден соолук жана чыгармачылык эргүү каалайбыз. Бизге келечекте дагы көптөгөн мыкты чыгармаларды тартуулай берсин.

Абдижамил Нурпеисов мыкты жазуучу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, ошондой эле, котормочу. Ал Чеховдун, Горькийдин, Назым Хикметтин, дүйнөлүк классик испан жазуучусу Кэсондун чыгармаларын казак тилине которгон.