Казакстандык «Мерген» фильми Канадада өтчү фестивалга катышат

Казакстандык «Мерген» фильми Канадада өтчү фестивалга катышат

Казакстандык «Мерген» фильми эл аралык кинофестивалга катышат. Кароо-сынак баш оона айынын 2-25-күндөрү Канадада өтөт. Кыска метрдеги тасманын автору дебютант режиссер Райымбек Алжанов.

Чыгармадагы окуялар тизмеги XVII кылымда Улуу талаадагы согуш убагында өнүгөт. Тасмада жаш болсо да колуна курал алып, үй-бүлөсүн коргоого бел байлаган Мерген аттуу баланын өмүрү баяндалат. Fantasia кинофестивалы быйыл 25-жолу өткөрүлүп жатат – ал дүйнөдөгү жанрдык фильмдерге арналган бирден бир сынак болуп саналат. Салттуу өтүп келген абройлуу иш-чара алкагында Квентин Тарантино тарткан «Кадырсыз наадандар» жана Тимур Бекмамбетовдун «Түнкү күзөт» тасмаларынын бет ачары болуп, көрөрмандардын сынына коюлган.