Казакстанда биринчи класска кирүүгө 310 миңден ашык билдирүү берилди

Казакстанда биринчи класска кирүүгө 310 миңден ашык билдирүү берилди

Быйыл 310 миңден ашык бала 1-класска барат. Бүгүнкү күнгө карата казакстандык ата-энелер биринчи класска кирүүгө ушунча билдирүү берди.

Аларды кабыл алуу жалган курандан башталган жана баш оона айынын бирине чейин созулат. Мындай мөөнөт ата-энелер алдын ала мектепти тандап, зарыл документтерди тапшырып жана окуу куралдарын сатып алууга жетишүүсү үчүн белгиленген. Мындан тышкары, баш оона айынын онунан тартып, жалпы билим берүүчү мектептерде даярдоо топтору ишин баштайт. Ал топтордо мектепке чейинки билим берүү мекемесине барбаган же даярдыктан өтпөгөн балдар окуй алат.

Эске салсак, билдирүүлөрдү кабыл алуу Еgov.kz порталы аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт.