Зульфия Чиншанло Токидогу Олимпиадада коло утту

Зульфия Чиншанло Токидогу Олимпиадада коло утту

Казакстандын куржунуна дагы бир медаль түштү. Оор атлетчи Зульфия Чиншанло Токиодогу Олимпиада-2020 жайкы оюндарында коло утту. Ал 55 килограмм салмактагылар арасында А тобунда катышты. Спортчу 90 килограмм оордукту «силкип» көтөрдү, ал эми 123 килограммды «түртүп» көтөрө алды. Ошону менен мелдештерде үчүнчү орунду камсыздады. Аталган мелдеште Филиппиндик Хидилин Диас чемпион болду. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата республика үч коло медаль алды.