Олимпиадада коло жеңген Елдос Сметов Казакстанга кайтып келди

Олимпиадада коло жеңген Елдос Сметов Казакстанга кайтып келди

Токио Олимпиадасынын коло медаль жеңүүчүсү, казакстандык дзюдочу Елдос Сметов мекенине кайтып келди. Спортчуну жакындары, достору жана күйөрмандар тосуп алды. Эске салсак, Елдос жарым финалга ишенимдүү жеткен жана бир аз айырмачылык менен дүйнөнүн эки жолку чемпиону, япониялык Наохису Такатодон жеңилген.

Елдос Сметов, Токиодогу Олимпиада оюндарынын коло медаль жеңүүчүсү:

- Олимпиада өтө жакшы өттү. Абдан кубанычтамын. Ушундай ийгиликке жеттик. Аллага шүгүр. Абдан кубанып жатам. Сезимди сөз менен жеткизе албай жатам.