ЕАЭБ: электрондук соода боюнча бирдиктүү оператор түзүлөт

ЕАЭБ: электрондук соода боюнча бирдиктүү оператор түзүлөт

ЕАЭБ электрондук соода операторлорунун институтун түзүүнү сунуштайт. Бул орток талаптар боюнча иштей турган бирдиктүү тутум болот, бирок ар бир өлкө үчүн Улуттук оператор түзүлөт. Чет элдик интернет-аянттардан буюртма боюнча алынган жеке колдонуудагы бардык товарлар ошол оператор аркылуу өткөрүлмөкчү. Бул биринчи кезекте бажылык тариздөөнүн жүрүшүн ылайыкташтырууга жардам берет.

Оператор бажы салыктарын которуу жана төлөтүү менен иш жүргүзөт, ошондой эле, жеке жактардан электрондук декларацияларды кабыл алат. Мындан тышкары, бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Биримдиктин техникалык талаптарына гана туура келген товарлардын келишине көзөмөл жүргүзүү дагы анын милдетине кирет. Адистер муну менен эл аралык интернет-соода жаатындагы администрациялык тоскоолдуктарды жана кагаз толтурууларга байланышкан баш оорутмаларды жоюуга мүмкүн болот деп ишенишет. Эң башкы максат – калк үчүн сапаттуу жана коопсуз товарды жеткирүүнүн убактысын болушунча кыскартуу.

Максат Мамытканов, Бажылык кызматташуу боюнча еэк министри:

- Эгерде биз электрондук операторлор үчүн ушундай шарттарды түзбөсөк, анда ар бир жаран интернет-аянттардан сатып алган товарларын бажылык тариздөөдөн өткөрүү үчүн бажы мекемелерин кыдырып, толтура кагаз, сертификат жана башка документтерди толтурмак. Жөнөкөй сөз менен айтсак, биз жарандар үчүн ушул убаракерчиликти жоюуга умтулуп жатабыз. Администрациялоо, бажылык электрондук декларациялоо жана төлөмдөргө байланышкан бардык маселелерди так ошол электрондук соода оператору өзүнө алат.