Казакстанда айыл акимдерин шайлоо аяктады

Казакстанда айыл акимдерин шайлоо аяктады

Айыл акимдерин биринчи жолу түз шайлоо Казакстанда соңуна чыкты. Саясий жарышка жалпы 2 297 талапкер катышып, 730 райондук маанидеги шаарлар, айылдар, конуштар жана айылдык округдардын башчылыгына ат салышкан. Алардын теңинен көбү - өзүн өзү көрсөткөндөр. Ал эми калган 38% - саясий партиялардын өкүлдөрү. Адистердин маалыматы боюнча, шайлоого 90% ашык шайлоочу катышкан Чыгыш-Казакстан жана Жамбыл облустарынын жашоочулары активдүүлүгүн көрсөтүштү. Добуш берүүгө эң аз Алматы аймагынан катышкан. Шайлоонун жүрүшүнө 2 миңден ашык байкоочулар көз салышты. Бирок олуттуу мыйзам бузууларды аныкташкан эмес.

Саясаят таануучулар шайлоолор айыл жашоочуларына өзгөчө жоопкерчиликти жүктөйт деп эсептешет. Себеби, бул алардын өздөрүнүн чечими болот. Бирок албетте жаңы шайланган акимдерге дагы шайлоочулардын алдында жооп берүүгө туура келет. Серепчилер бирге аракеттенүнүн мындай жүрүмү айылдардын жашоосун жакшыртат деп эсептешет.

Белгилей кетсек, шайлоонун жыйынтыгы үч күн аралыгынды чыгарылат, ал эми кийинки жети күндө шайланган акимдерди каттоо жүргүзүлөт.