Казакстанда балдар көп төрөлүп жатат

Казакстанда балдар көп төрөлүп жатат

Карантин маалында Казакстанда балдар көп төрөлө баштады. Жаңы төрөлгөн балдардын саны өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу сегиз пайызга өскөнүн Ranking.kz басылмасы жазды.

Талдоочулар быйыл биринчи кварталда жүз миңден ашык ымыркай жарык дүйнөгө келгенин эсептеп чыккан. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 90 миңден ашык бала төрөлгөн болчу. Жалпысынан балдардын көп төрөлүшү үчүнчү кварталда дагы уланууда. Былтыр жыл жыйынтыгы менен 425 миңден ашык ымыркай төрөлгөн – бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу алты пайызга көп.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Казакстанда калктын саны 18,94 миллион кишиге жетти.