Казакстандын борборунда жаңы объектилер көбөйдү

Казакстандын борборунда жаңы объектилер көбөйдү

Казакстандын борбору тынбай өзгөрүүдө. Шаар жыл өткөн сайын кооз тартып, жашоочулар жана коноктор үчүн ыңгайлуу болуп келе жатат. Жөө адамдар көчөлөрү, бульварлар, жаңы көпүрөлөр ачылууда. «Нур-Султан – жайлуу шаар» мастер-планынын арты менен мында дагы көптөгөн жаңы объектилер пайда болууда. Алардын бири Есил дарыясынын жээгиндеги Триатлон-парктагы жасалма жээги бар акысыз көлмөлөр. Ал жакка чатыр конструкциялары орнотулган, тамактануу аймагы жабдылган. Бирок санитардык ченемдерден улам көлмөлөрдүн ачылышы жылдырылып жатат.

Елнар Базыкен, борбордун урбанистика борборунун жетекчиси:

- Биз сууга пирс сыяктуу конструкция курдук. Ал жакта эки бөлүм бар, бири чоң кишилерге, экинчиси балдар үчүн. Суу кошумча тазаланат. Ал жакка биз чыпкалоо тутумун коебуз. Негизи бул көлмөнүн өзүнүн түбү жана атайын орнотулган чыпка торлору болот. Ооба, суу көлмө аркылуу өтөт, бирок чыпкаланат.

Питон түрүндөгү аркан паркы бар оюн аянтчасы - дагы бир жаңы, кызыктуу объект болуп калды. Алар шаардын кичинекей жашоочулары үчүн бир ай ичинде жеткиликтүү болот. Мында дарактын айланасында эки кабат кароо аянтчасы жайгашкан, ал жактан дарыяга жана районго жакшы көрүнүш ачылат. Ага жакын көпүрө алдында баскетбол, воркаут-аянт, йога үчүн зона, футбол талаасы жана башка спорт түрлөрү үчүн оюн зонасы жайгашкан.

Елнар Базыкен, борбордун урбанистика борборунун жетекчиси:

- Биздин максат шаардык эл үчүн болушунча жайлуу кылуу. Биз бүгүн жашоодо жумуш менен үйдүн ортосундагы үчүнчү орун – коомдук жай болорун билебиз. Бардыгы дем алыш күндөрү парктарда, гүлбактарда сейилдейт. Андыктан ушул мейкиндиктерге көңүл буруу абдан маанилүү. Алар элге кубаныч жана жакшы маанай тартуулайт.

Урбанистика борборунун жетекчисинин айтымында, план боюнча Республика чоң жолу жөө адамдар үчүн тоскоолдуксуз болот. Тургундардын өтүнүчү боюнча, борбордо көптөгөн жаңы оргумалар жана жашыл тилкелер пайда болот. Таза абада эс алуу жайлары дагы чоңоет. Анан эң башкысы – борбор калаа керектүү жайлардын шаар жашоочулары үчүн жакындыгы жана ыңгайлуу болуусу үчүн өзгөрүүнү улантат.