8 миңден ашык окуучу жана студент КР Туңгуч Президенти, Эл Башы китепканасында курстан өттү

Жаштайынан патриоттук сезимди аң-сезимге сиңирүү. Дал ушул максатта Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Эл Башы китепканасында Казакстандагы  мамлекеттүүлүктү калыптандыруу, өлкөнүн эл аралык карым-катнашы менен глобалдык демилгелери боюнча студенттер менен окуучуларга арналган агартуучулук дарстар уюштурулду.  Мында билимдүү жана жигердүү жаштарга чоң көңүл бурулат. Ошондой эле, адистер китепканага келген ар бир жашка туулган жерлери менен аймактарын өнүктүрүүгө арналган долбоорлорду түзүүгө көмөктөшөт. Жыл сайын өлкөнүн миңдеген жаштары атайын уюштурулган семинарларга катышып, баяндамаларды  угушат. 2020-жылы сабактар онлайн режимде өткөрүлдү. Аталган китепкана башчысынын орун басары Ботагөз Кайыпованын айтымында, бул аркылуу өлкөдөгү ыктыярчылар кыймылын өнүктүрүүгө себеп болот. Акыркы жылдары 8 миңден ашуун окуучу дарстардан өткөн.

БОТАГӨЗ КАЙЫПОВА, КАЗАКСТАНДЫН ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ, ЭЛ БАШЫ КИТЕПКАНАСЫ БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз үчүн эң башкысы - Нурсултан Абиш уулу Назарбаев мамлекетти түзүүдө муундардын ырааттуулугуна чоң маани бергендигин бүгүнкү жаштарга жеткирүү. Жаштар улуу муун өкүлдөрүнүн жолун жолдоп, ишин улантуу керектигин түшүнүшү керек. Ошондой эле, атайын сабактар учурунда биз жаштарга өз мекенин өнүктүрүү үчүн пайдалуу долбоорлорду түзүүгө жардам беребиз.