Казакстандын туристтик дарамети

Казакстан – руханий азык берер маданий жайлары жана ыйык жерлери, бай тарыхый эстеликтери менен кооз жаратылышы бар жерлердин бири. Өлкө эли башынан эле конок күтүүдө алдына эч кимди салдырбаганы баарына белгилүү. Албетте, мунун бардыгы чет элдик туристтерди өзүнө тартып турат. Өлкөгө жыл сайын миллиондогон туристтер агылып келет. Өкмөт дагы тармакты өнүктүрүүгө артыкчылык берет. Аны өнүктүрүү үчүн 2019-2025-жылдарга арналган программа түзүлдү. Документте 10 туристтик маршрутту жакшыртуу каралган. Алардын катарында Нур-Султан шаары жана ыйык Түркестан аймагы, Маңгыстау облусу, Алматы тоо этектери, Бурабай, Имантау-Шалкар, Баянаул курорттук зоналары менен Байконур космодром комплекси жана Алакөл, Балхаш көлдөрү бар.

ТАЛГАТ АМАНБАЕВ, «KAZAKH TOURISM» УК БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Биз эс алуу жайлары боюнча ишкерлер, жергиликтүү акимчиликтер жана рынок катышуучулары менен кеңештик. Алгач ТОП 500гө, андан кийин 100гө, андан кийин 50, 25ке чейин барып, эми эң мыкты ондукту тандап алдык. Аларды дараметине карап тандадык. Бул тизмедеги ар бир жер жылына миллиондон ашык туристти кабыл ала алат. Ошондуктан  бул көрсөткүчкө жетүү үчүн аракет кылуу керек. Мамлекеттик программанын алкагында комплекстүү иш-чаралар түзүлдү. Ошондуктан ушул ыйык жерлерди өнүктүрүүгө биринчи кезекте көңүл бурабыз.

Серепчилердин айтымында, катуу иргөөдөн улам тандалып алынган бул аймактар өлкөнүн туризм тармагынын негизин түзөт. Ар бири өзүнүн уникалдуулугу менен өзгөчөлөнөт. Анын жеке өнүгүү багыттары бар жана кайталангыс кызмат түрлөрүн сунуштайт. «Жакшыны көрүүгө» демекчи аларды башкаларга таанытып, кеңири жайылтууда блогерлер менен журналисттердин орду өзгөчө.

ТАЛГАТ АМАНБАЕВ, «KAZAKH TOURISM» УК БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Чындыгында биз тармакты жайылтуу максатында жыл сайын маалыматтык турларды уюштуруп турабыз. Быйыл көпчүлүк иш-чаралар коронавирус эпидемиясына байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Бүгүнкү күндө Алматы аймагы менен Акмола облустарында уюштурууга жетиштик. Эми мындай жогорку эффективдүү маалыматтык турларды Түркестан менен Чыгыш Казакстан аймагында өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз.