КЭА мүчөлөрү казакстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

КЭА мүчөлөрү казакстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Өлкөдөгү туруктуулукту чыңдоо менен тынчтыкты жана ынтымакты сактоодо Эл Башы Нурсултан Назарбаев негиздеген Казакстан Эли Ассамблеясы өзгөчө роль ойнойт. Эгемендүүлүк жылдарындагы калыптануу жана өнүгүү баскычтарындагы кыйынчылыктарды өлкө менен биргеликте жеңип келген уюм бүгүнкү күндө чындыгында улуттук саясатты ишке ашыруунун кубаттуу куралына айланды. Улуттар аралык, этностор аралык достуктун символу болуп калган уюмга быйыл 25 жыл. Уюмдун мүчөлөрүнүн айтымында, Казакстан эли достугу келечек муун үчүн асыл мурас.

НАТАЛЬЯ ДЕМЕНТЕВА, КӨКШЕТАУ ШААРЫ, ТЕХНИКАЛЫК  ЛИЦЕЙДИН МҮДҮРҮ:

- Эгемендүүлүк күнүнүн алдында бардык мекендештерибизди жана казакстандыктарды өзүбүз үчүн ушундай бактылуу жана өзгөчө күн менен чын жүрөктөн куттуктайм! Биринчиден, өлкөбүздө тынчтык, улуттар аралык жана этностор аралык ынтымак болсун! Мен ушуга тилектешмин. Бизде, Казакстанда 100дөн ашуун этнос өкүлдөрү таттуу мамиледе жашап келебиз. Бул биздин бактыбыз, бул кийинки муунга калтырган улуу мурасыбыз деп айтаар элем.

ДИНАРА НУРАЛИЕВА, ТАРАЗ ШААРЫ АКИМЧИЛИГИНИН БИЛИМ БӨЛҮМҮНҮН 34 ОРТО МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, баарыңыздарга чың ден-соолук каалайм. Ар бир үй ар дайым жаңы жаңылыктарга толуп турсун. Казакстан - тынчтыктын жана ынтымактын мекени.