Елеке Сазы өрөөнүнөн алтын табылга табылды

Елеке Сазы өрөөнүнөн алтын табылга табылды

Казакстандын археологдору укмуштуу ачылыш жасашты. Алар өлкө чыгышындагы Елеке Сазы өрөөнүнөн сак дооруна таандык алтын артефакттарды табышкан. Сөйкөлөрдүн биринен башында таажысы бар такта отурган адам элеси көрүнөт. Экинчиси жарым-жартылай сакталган. Анда болжол менен түрк ак сөөктөрүнүн элеси түшүрүлгөн дейт серепчилер. Археологдор бул кенч ошол доордогу башкаруучуларга таандык деп ишенишет. Белгилей кетсек, мурда мындай табылгалар байыркы түрк кагандыктары пайда болгон Монголиядагы Орхон жергесинен табылган.

Зейнолла Самашев, профессор, археолог, экспедиция жетекчиси

- Бир-эки алтын сөйкө табылды, ал сөйкөлөрдө жанрдык композиция бар экен. Андан такта отурган падыша көрүнөт, анын тагы абдан кооздолгон. Бул керемет табылга. Бул байыркы түрк маданиятын изилдөөчүлөр үчүн алгачкы ачылыш. Биз мурда мындай так бар экенин билгенбиз, бирок кандай көрүнүштө экенин билчү эмеспиз.