Казакстандын эгемендүүлүгүнө – 29 жыл

Казакстандын эгемендүүлүгүнө – 29 жыл

Өлкөдө  улуу майрам - Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү. Мындан туура  29 жыл мурун Казакстан көз карандысыз катары өзүнүн жаңы тарыхына кадам таштаган. Бул тарыхтагы маанилүү окуя болгонуна карабастан, бул жылдар аралыгында көз карандысыз мамлекет катары көптөгөн иштер аткарылды. Бул убакыт аралыгында республика дүйнөлүк экономикага кирип, олуттуу натыйжаларга жетишти. Өлкө эл аралык аренада жогорку макамга ээ болду. Казакстан БУУнун жана башка да ири уюмдардын толук жана жигердүү мүчөсү аталды. Өлкө антиядролук кыймылдын лидерлеринин бири. Мамлекет тынчтыкты сактоо долбоорлорунда татыктуу баасын алды. Эң башкысы, өлкө туруктуулук менен улуттар аралык ынтымакты сактай алды.