Дүйнөлүк рынокто мунай тартыштыгы болушу мүмкүн

Дүйнөлүк рынокто мунай тартыштыгы болушу мүмкүн

ОПЕК+ алкагындагы пикир келишпестиктер мунайдын тартыштыгына алып келиши мүмкүн. Эгерде альянстын өлкөлөрү баш оона айындагы өндүрүштү теке айынын деңгээлинде сактаса, анда базар кыйла кыскарат. Бул тууралуу Эл аралык Энергетика Агенттиги маалымдады.

Андагы туруксуздук өндүрүүчүлөрдүн дагы, керектөөчүлөрдүн дагы кызыкчылыгына жооп бербейт. Аналитиктер Эр-Рияд менен Абу-Дабинин ортосундагы жаңжал өтө жагымсыз учурга туш келгендигин белгилешти. Коронавирус каатчылыгы учурунда топтолгон мунай заттын калдыгы сарпталды, ал эми калган кору орточо деңгээлден төмөн. Эгер ОПЕК+ өлкөлөрү келишимге жетишсе, анда алардын өндүрүшү күнүнө 400 миң баррелди түзөт. Бул көбөйүшү күтүлүп жаткан керектөөчүлөргө караганда кыйла аз болот.

Эл аралык Энергетика Агенттиги дүйнөлүк мунайзатка болгон суроо-талап быйыл күнүнө 5 миллион баррелден, кийинки жылы 3кө чейин өсөт деп күтүүдө. Бирок кээ бир өлкөлөрдө коронавирустун жаңыдан тутанышы бул божомолдун негизги коркунучу бойдон калууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков