Ак илбирстердин саны азаюуда

Ак илбирстердин саны азаюуда

Экологдор тынчсызданууда. Казакстанда илбирстердин саны бир топ азайышы мүмкүн. Адистердин айтымында, ыйык жаныбарлар тоолорду ашып, азык издөө үчүн Кыргызстан, Кытай жана Монголияга өтүп кетип жатышат. Буга адистердин өздүк түшүндүрмөсү бар.

Сакен Дилдахмет, эколог:

- Тоолуу аймактарда инфраструктураны өнүктүрүү, мейманканаларды куруу, жол салуу. Бул биздин алдыбыздагы чоң маселе. Мунун бардыгы жапайы жаратылышка терс таасирин тийгизет. Ошондой эле, алар коопсуздук факторуна байланыштуу башка жакка жер которушу мүмкүн. Себеби, Казакстанда жашаган ак илбирстер Кыргызстан, Монголия жана Кытайга мүнөздүү. Алар жыл сайын аталган өлкөлөрдүн ортосунда жүрүшөт.

Ак илбирстердин дагы бир коркунучу - браконьерлер. Бүгүнкү күндө фото-капкандарга түшкөн илбирстерди сактап калуу үчүн адистер ар кандай айла-амалдарды колдонушат. Маселен, капканга түшкөн илбирстин видеосун коомчулукка жарыяланганга чейин, материал иштелип чыгып, дизайнерлер пейзажды өзгөртүшөт. Бул браконьерлердин ыйык жаныбарлардын жашаган жерин аныктай албоосу үчүн керек.

Аян Мейраш, РКнын токой чарбачылыгы жана жаныбарлар дүйнөсү комитетинин басма сөз катчысы:

- Акыркы бир нече жылдан бери бизде илбирстерге байланыштуу браконьерлик фактылар болгон жок. Алар Казакстандын Кызыл китебине кирген жана дүйнө жүзү боюнча аңчылыкка тыюу салынган. Браконьерлик факты болгон күндө дагы, аны эч жакка алып бара алышпайт.

Сакен Дилдахмет, эколог:

- Жергиликтүү элдин катышуусу үчүн гранттык долбоорлорго каражат бөлүнүшү керек. Мисалы, Монголияда адамдар алсырап, жаракат алган илбирсти таап, аны тиешелүү органга билдирсе, мамлекет сый акы түрүндө акча берет.

Экологдор Казакстанда ак илбирстердин санын сактап калуу үчүн комплекстүү программаны кабыл алыш керек дешет. Белгилей кетсек, расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө болжол менен 130дан 150гө чейин ак илбирс жашайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков