Өлкөнүн кооздугун бийиктен көрүүгө мүмкүндүк берген уникалдуу долбоор колго алынды

Өлкөнүн кооздугун бийиктен көрүүгө мүмкүндүк берген уникалдуу долбоор колго алынды

Борбор шаардан чыкпай, өлкөнүн эң кооз жерлерине саякаттоо. Жакын арада буга мүмкүндүк берген Нур-Султан шаарында Учуучу театр ачылат. Уникалдуу объект заманбап технологиянын жардамы менен калкып жүргөн адамдын элесин берет. Долбоордун авторлорунун айтымында, фантазия борборуна келген адам баш калаанын жана өлкөнүн теңдеши жок образын бийиктен көрө алат. Адамды көккө көкөлөткөн өзгөчө театр жыл аягына чейин колдонууга берилет.

Ержан Балтаев, «Astana Invest» башкармасынын төрагасы:

- Ал жерде 6K форматындагы чоң экран болот. Аны менен катар, 20га жакын орундуктар бар. Бул ордундуктар биринин үстүнө бири вертикалдуу түрдө жайгашат. Адамдар ошол отургучтарда отуруп, калкып, кадимкидей экранды көздөй өздөрү учуп бараткандай сезимде болот.

Муну менен катар, жакын арада борбор калааны алаканга салгандай көрсөткөн дагы бир объект курулат. Шаардагы асман тиреген мындай комплекстердин биринде бийиктиги 310 метр болгон панорамалык аянтча жасалат. Шаардын 360 градустук панорамалык көрүнүшүн көрүүгө мүмкүндүк берген долбоор Борбор Азиядагы эң бийик байкоо аянтчасы болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков