Казакстанга арналган фото көргөзмө ачылды

Казакстанга арналган фото көргөзмө ачылды

Берлиндин борборуна боз үй тигилип, улуттук музыка жаңырды. Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарада келген коноктор улуттук кийимдерди кийип, домбрада ойноого мүмкүнчүлүк алышты. «Жаратылыш, маданият, адам. Таң калтырган Казакстан» аттуу фото көргөзмөсү Казакстандын Германиядагы элчилиги жана «Казан» ассоциациясы тарабынан уюштурулду.

Казак Улуттук Искусство университетинин студенттери Курмангазы менен Дина Нурпейисованын күүлөрүнүн жана элдик ырларынын уникалдуу программасын иштеп чыгышты. Өнөрпоздордун кулак кужурун кандырган добушу жана чеберчилиги жергиликтүү көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Биргит Ветцель, журналист:

- Мага казак музыкасы аябай жагат. Ал тургай бир нече диск сатып алдым. Ошондой эле концертти башынан аягына чейин жаздырып алдым. Мага солист кыздын үнү абдан жакты. Бул видеону социалдык тармактарга жайгаштырам. Көргөзмө Казакстанды мыкты жарнамалады. Дароо эле өлкөңүздөргө баргынды келтирет.

Сүрөт көргөзмөдө Чарын капчыгайы жана кооз борборлор, кең талаалар менен жылкы үйүрлөрүнүн сүрөттөрү коюлган. Келгендер өздөрүн Казакстанга саякаттагандай сезип, өлкө менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Маттиас Люттенберг, ГФР ТИМ Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жага Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтык маселелери боюнча өкүл:

- Мага көргөзмө аябай жакты. Айрыкча музыка менен артисттердин чеберчилиги таасир калтырды. Берлинде казак музыкасын угуу кандай сонун. Алар бизге Казакстандын бир бөлүгүн көрсөтүп беришти. Тилекке каршы, мен азырынча сиздердин өлкөдө боло элекмин, бирок чындыгында баргым келет. Бардык Казакстан элин Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайм! Бул мезгил аралыгында сиздердин өлкө бир топ өзгөрдү. Сиздерге гүлдөп-өнүгүүнү гана каалайм!

Казакстанга арналган көргөзмө Берлинде эки жума бою өтөт. Андан кийин уюштуруучулар инсталляцияны Франкфурт жана Мюнхендин тургундарына да сунушташат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков