Чет элдеги мекендештер Казакстанда акысыз билим ала алышат

Чет элдеги мекендештер Казакстанда акысыз билим ала алышат

Чет жерде жашаган мекендештер Казакстанда акысыз билим ала алышат. «Ата Мекенге жол» аттуу сынагы - Эл аралык билим берүү корпорациясы тарабынан алыста жүргөн мекендештер үчүн атайын уюштурулган алгачкы долбоор. Корпорация ректорунун айтымында, ал үч этаптан турат. Сынакка дүйнөнүн төрт бурчунан келген казактар эч кандай чектөөсүз катыша алышат. Жеңүүчүлөрдүн ысымдары теке айынын 26да жарыяланат.

Маргарита Имандосова, Эл аралык билим берүү корпорациясынын ректору

- Быйыл биз 20 грант бөлүп жатабыз. 20 грантты алуу үчүн кечээ, кулжа айынын 28де биз сынак жарыяладык. Сынак үч этапта өткөрүлөт. Биринчи этап - эссе аркылуу. Өлкөбүздүн тарыхы жөнүндө, биздин белгилүү жана сыймыктанган инсандарыбыз жөнүндө дилбаян жазуу керек. Экинчиси, эмне үчүн ал ушул билим берүү корпорациясын тандады. Бул жерде окууну аяктагандан кийинки алдыга койгон максаттар темасында дилбаян. Ал эми үчүнчү этап – бул бетме-бет отуруп маектешүү. Ал онлайн форматта өткөрүлөт.

Гранттар 32 билим берүү программасы боюнча бөлүштүрүлөт. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө окуу жай 30дан ашык мамлекеттин 117 билим ордосу менен тыгыз байланышта.

Которгон: Илгиз Жамалбеков